Экспорттук потенциал жана эффективдүү акчалар. Кыргыз биржалык фонду кантип өнүгүп жатат

11.03.2019, 09:04 Мария Пак
Экспорттук потенциал жана  эффективдүү акчалар. Кыргыз биржалык фонду кантип өнүгүп жатат

- Бизде эмнеге компаниялар фондулук рынокко чыгышат деп түшүнбөйт. Түшүндүруп берсеңиз, биржага чыгуу бизнеске кандай пайда алып келет?

- Биржа  ишканалар үчүн инвестиция тартууга эң ыңгайлуу жер. Сиз инвестицияларды тартуунун бир нече вариантын караңыз. Алсак,  түз тартууга болот, эгерде ири инвестор бар болсо. Экинчиси банктар аркылуу –насыялоо менен инвестиция аласыз. Ал эми биржалык фонддон сиз ортомчусуз каражаттарды тартасыз.  Банк  жасаган операциялары үчүн пайыздык чен кошуп, каражат берет. А фондулук рынок  акысыз финансалык рынокту тартып келет. Эң башкы жагдай, дивидендден пайда табуу.  

Дагы башка инструменттер бар.  Облигациялар компаниялар үчүн пайдалуу.  Алар да инвестиция тартышат. Эгер сиздин компания беш жылга облигация чыгарса, анда сиздер инвестиция тартып аласыздар. Анткени, негизги сумманы сиз пайдаланып, болгону пайыздарды гана төлөп турасыз.  Пайыздар бизнес-насядан бир аз жогору, бирок анын  натыйжасын эсептей турган болсок көбүүрөк натыйжалуу.

Сиз эгер бир жолу биржага чыксаңыз, баардык милдетериңизди аткарсаңыз,  сиздин бизнестин масштабын сиздин гана  көз караш чектебесе, аброй өсүп, репутация  сизге иштеп баштайт.

- Фондулук биржага чыгуу үчүн бизнес ири болушу керекпи?

- Бизде андай чектөө жок.  КМШ мамлекеттери арасында бизде гана либералдуу мыйзам жана укуктук ченемдик актылар эркиндик берет. Сиздин суроого жооп катары айтарым, бүгүн ар компания IPO чыга алат. Болгону жалгыз талап, сиздин компания 100- пайыз ачыктык менен биржага кирүүсү шарт.  Сизди рынок баалайт. Биржага чыгуу проблема эмес, адамдар сиздердин акцияны сатып алышабы? –бул башкы маселе.   

- Жаңы иш баштаган адамдар үчүн фондулук рыноктун оң жана терс жактарын айтып кетсеңиз?

- Жакшы жагы сиз инвестицияларды  чектөөсүз тарта аласыз. Минус жагы  бул албетте бюрократия.  Бирок, кагаздардын так болушу акционерлер менен инвесторго керек.  Эгерде сиз инвестиция сала турган компания тууралуу эч маалымат жок болсо, ага эч ким каржат салбайт. Ошондуктан, анын ким уюштурду, директорлор кеңешине кимдер кирет,  отчет алуу системасы баары камтылыш керек.

- Бизде ушундай практика барбы? Мисал келтире аласызбы?

- Азырынча, айта албайм. Анткени, статистикага кайрылсак,  жаңы иштерди баштоодо көнүмүш жолдор аркылуу башталат.  Коомдук фонддор аркылуу  инвестиция тартышат.  Алар жеке тарапта, эч кандай жарыясыз жасалат.

- Бизде жаңы иш баштагандарды канчалык колдошот?  Рынокто текшерилген ишканаларга гана инвестициялар салынабы?

- Бизде азырынча, жаңы башталган ишкана тургай, буга чейин иштеп жаткандарга дагы инвестиция салышпайт.  Республика боюнча 50 миндей адам фонддулук рынокко инвестиция салышат.  Бирок,  Казахстан менен Россиядагыдай массалык тартылуу жок.

Бизге масса керекпи? Албетте, керек.  Антпесек, бизде ишканалар кантип өнүгөт.  Азырынча банк системасы ири стратегиялык ишканаларга  насыялык каражаттарды  тарта албай жатышат. Анткени, пайыздык чендер  пайдалуу эмес.  Мисалы  кандайдыр бир  алюминь заводдун куруп жатып, биринчи жылы эле баардык насыяны кайтаруу мүмкүн эмес да.

- Былтыркы жылы КФБ  товардык -сырьелук продукт чыгардыңар. Эмнеге  буга чейин эмес, азыр ушуга келдинер ?

-  Кыргызстандын тарыхында  юстиция министрлигинде «биржа» аталышында 38  ишкана катталган.  Алардын арасында товардык биржалар көп.  Кыргыз Өкмөтүнүн стратеиясы боюнча алардын баарын бириктирүүгө аракеттер жасалып баштаган. Ал  2011-жылы бириктирүү  ишке ашты.  Экинчи баскычта  мамлекеттик акционерлердин фондулук рынокко  кириши болду. Бул былтыр ишке ашты.  Мындан  сырткы  инвесторлор  менен ички контрагентер Юстиция министрлиги менен Улуттук банктын  ишенимине ээ болуу үчүн жасалды.  Анкени мамлекеттин баалуу кагаздарын фондулук биржага которууда: «Сиздер жеке компаниясыңар, биз сиздерге мамлекеттин инструментин ишенип бере албайбыз»-деген пикирлер жаралган.

Азыр бул ишеним бар. Азыр бизге чет өлкөдөн инвесторлор келүүдө. Алар бизге келгенде мамлекеттик биржа экенибиз  көрүп,  көбүүрөк  ишеним артса, бизге чоң жоопкерчилик жүктөлүүдө.

Былтыр президенттин буйругу чыгып, ага ылайык КФБ  товардык-сырьлук секторду ачууну максат кылганбыз. Биз  бул багытта иштеп баштадык. КМШ мамлекеттеринде товардык- биржалар мурда эле иштеп жаткан. Биз алардан арта калдык. Бирок, биз алардын иштерин карап, эмнени жасашыбыз керек же эмнени жасабаш керек деп,  багыт алсак болот.   

- Товардык-сырьелук биржанын ачылышы менен жакын арада эмне өзгөрөт?

-  Биз баардык аймактарды бириктиребиз.  Айрым учурда адамдар баш аламан сатып алууларды жасашат.  Айрым учурда бир эле райондо  ар бир айылда ар башка баада сатуулар жасалганын көрүп эле жүрөбүз.  Ошондуктан, сооданы уюшкандыкта,  пландаштыруу менен жасоого жетишибиз керек. Мисалы дейли, бир адамдын жер  тилекси бар, бирок ага эмне себерин билбейт. Маалыматы жок.  Жакын арада эки үч жылда бизде ар бир аймакта талдоочулар болот.  Алар ким эмне экти, качадан сатты, эмне өтүмдүү баарын талдап турушат. Бул жакынкы келечектеги максаттарыбыз.  Ал эми узак  убакытта биздин товарларды экспортко чыгарууну  карап жатабыз.  

Биздин экспортко чыгып жаткан адамдар уюшпагандыктан, биздин рыноктон баш тартып чыгып кетүүдө. Анткени,  алар талап кылыган көлөмдү жана сунуштарды аткаралбай калышууда. А биржа республиканын экспорттук потенциалын  бириктире алат эле.  А эгер экспорттук товарды сатып алуучу жазында же сезондун башында мынча көлөмдө  товарды ушул баада сатып алам десе, жергиликтүү дыйкандар Интернет аркылуу талапты толтуруп, күзүндө  ошол товарды берүүгө даяр болот эле.  

- Биржа экономиканын өсүшүнө кандай таасир этет?

- Эгерде өлкөдө экономика жок болсо, биржа дагы жок. Же тескеринче.  Рынок экономикасында биржа өнүгүшүү керек. Мамлекет баардык күчүн аны өнүктүрүүгө жумшаса, экономикада өнүгүү болот. Бул биринчиден аналитика, а аналитика деген бул экономканы пландаштыруу.  

Экинчиден, эгер сиз аянтчага көбүүрөк киши алып келсеңиздер, бул ички инвестицияларды  тартуу болуп саналат. Бирок, бул система азырынча иштебей жатат.  Атамекендик ишканалар үчүн ички инвесторлорду тартуу бул стратегиялык план. Бул биздин территория, биздин өлкө. Биз кимдир бирөө жардам берет деп күтпөй, аракет жасашыбыз керек.   

- Биздин адамдар инвестицияга каражат салуудан коркушат го. Ошону кантип жойсо болот?

- Алсак сиз айына 20  миң сом  айлык аласыз дейли. Анын 2 миң сомун сиз инвестицияга жумшасаңыз болот.  Бул сиздин инвестиядагы салган салымыңыз. Сизде эки тандоо бар  каражатыңыздын бир бөлүгүн инвестицияга жумшасаңыз болот  же ичип жеп коротосуз. Ошондо, сиз кайсынысын тандайсыз? Көрдүңүзбү? Өтө жөнөкөй  тандоо.  Мисалы мен картошканы инвестициялайм.  10 даана картошканы эгип,  анын баары өнбөй үчөө түшүм берсе,  ал мага бир кап түшүм берди дейли. Бул инвестиция. 

Сиздер түшүнүшүңөр керек. Сиз 2 миң сомду кандай болгондо дагы жоготуп жатпайсыздарбы? Мисалы чет элден келген товарды,  кийимди аласыз же кафеде тамактанып коротосуз.  Бизде бир кварталда адамдар 10 млрд  сом  коротуп жатышат. Бул расмий маалымат.  Бул расмий маалымат. 1.5 млрд сомду 1.5 минималдуу  санга көбөйтсөк, анда 200 млн АКШ доллары чыгат. Дал ушул 200 млн АКШ долларын жеп ичүүгө эмес, ички инвестицияны өнүктүрүүгө жумшасак жакшы болмок. 

Адамдар инвестиция жасоодон баарынан кол жууп калабызбы деп коркушат. А чындыгында кандай?

-Финансы системасындагы  дүйнө  агрессивдүү чөйрө. Биз  өлкөдөгү адамдар  жана мамлекетибиз бул мамилебизди  өзгөртүүшүбүз керек.  Биз  өз экномикабыз үчүн же чоочун, башкалардын   экономикасына иштейбизби? Тандашыбыз керек.  Бул акырындык менен чечилүүчү маселе деп ойлойм.

-2018-жыл Кыргыз фондулук биржасы үчүн кандай жыл болду?

- Статистикалык маалыматка карасак алдыга жылуу бар. Бирок, биз ошол жетишкендикке ыраазыбызбы?  Жок.  Бул өнүгүү эмес, болгону колдо бар нерсени башкаруу.  Айрыкча акционерлердин саны өспөй жатат, IPOдеп мактанарлык эч нерсе жок, калк арасындагы финансалык сабаттуулук жогору эмес, ошондуктан ата мекендик өндүрүшкө инвестиция салгандар жок. Бул  аябай жакшы деле жагдай эмес.  Бирок, жакшы жаңылыгыбыз инвестицияга салым кошкон чакан адамдардын тобу жылдан-жылга көбөйүүдө..

2018-жылы биз үчүн маанилүү жаңылык мамлекет өзү акционер болуп биржага кирди.  Бул 10-жыл аралыгындагы аракеттин жыйынтыгы. Экинчи маанилүү  окуя бул товардык-серьелук  сектордун ачылышы.  Бул багытты өнүктүрүүго багыт алып жатабыз.  

- Бул жылы КФБ кандай  максаттарды алдыга койду?

- Биз жакында региондорго барып, адамдарга фондулук биржа деген эмне деп түшүндүруп, алар сатуучу товарларды кантип биржага коюу керектигин айтабыз.  Бул веб-тиркемени  Интернетке кошулган адам  каалаган жеринен кошо алат. 

Мындан тышкары Москва биржасы аркылуу рубль/сом дун жубун түз корсс-курс  түзүү каралууда. А болбосо азыр  Россиядан жөнөтүлгөн рубль  алгач доллардын кросс-курсунда  эсептелип, андан кийин сомго айланууда. Ошондуктан, ортодо алмаштырууда акча жогоотуулар бар.  

Баалуу кагаздар боюнча быйылкы жылы кызыккан  жана финансы жагынан сабаттуу  адамдардын өсүшүн каалайбыз . Ошондо брокердик компаниялардын катышуучулары көбөйөт.

Эң башкы максатыбыз – товардык секторго  өнүгүүгө шарт түзүү.

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу