Росстрах-Кыргызстан

Команияга баа берүү үчүн сизге төмөндөгүлөр талап кылынат Facebook аркылуу катталуу
Росстрах-Кыргызстан ээн тамга

Саякаттоо

Чет өлкөгө чыгып кетип жаткан адамдарды медициналык камсыздандырууга алуу

Бул камсыздандыруу камсыздандырылган адамдын чет өлкөдө медициналык жардам алууга муктаждыгы жаралса, анда ага медициналык жана башка кызматтар жана транспорттор сунуштайт.  

Компания эл аралык камсыздандыруу  полисин сунуштап, медициналык чыгымдарды   "CORIS" сервис кызматтары колдойт.

Компания медициналык кызматтардыкүн-түн дебей 24 саат көрсөтүп, дүйнөнүн баардык аймагында иш алып барып, чет өлкөдөгү кырсыкка кабылып же медициналык жардамга муктаж болгон адамдарга кызматтарын көрсөтөт.  

Экстрималдуу же медициналык жардамды колдонуу үчүн CORIS Тейлөө кызматынын телефондоруна чалып же  SMS билдирме берсеңиз болот.

Камсыздандырууну Кыргыз Республикасынын жараны, чет элдик жарандар, КР  аймагында туруктуу же убактылуу жашагандар колдоно алышат. 

Камсыздандыруу полиси төмөндөгү чыгымдарды жабат:

Медициналык чыгымдар: экстрималдуу оорулар менен  жаракат алууда врач жазып берген  дары-дармектер (медикаменттер) төлөнөт.

Медико-транспорттук чыгымдар: камсыздандырылган адамдын окуя болгон жерден жакынкы медициналык мекемеге же дарыгерге чейинки, ошондой эле  шашылыш медициналык кызматтарды пайдалануусу камтылат. Анын ичинде дарыгердин коштоосу (эгер медициналык жактан талап кылынса) чет мамлекеттен ал жашаган жерге чейин жасалат.

Транспорттук чыгымдар: камсыздандырылган адамды  же анын балдарын  мекенине кайтаруу. Эгерде  окуяга байланыштуу Камсыздандырылган адамдын балдары кароосуз калса;

Каза болуп калса мекенине кайтаруу: эгерде камсыздандырылган адам каза болсо, анын сөөгүн мекенине жеткирүү каралган.

Эгерде саякатоо маалында күтүүсүз оору же кырысктан улам сиз медициналык жардамга муктаж болсоңуз, анда төмөндөгү иш араккеттерди аткаруу зарыл;

- өзүңүз же сиздин атыңыздан (гид, дарыгер ж.б.у.с)  24  сааттын ичинде,  (чалып жаткан абоненттин эсебинен же Кыргызстанга кайтканда өз эсебинен телефон чыгымын төлөп  берүү келишиминде) баардык учурда Тейлөө кызматына чалып (анда орусча-сүйлөгөн диспетчерлер олтурат) кабарласа болот. 

Тел. +380-44-239-88-00. (7-495) 730-99-00

Факс: (7-495) 730-99-55

Же болбосо,  камсыздандыруу полисинде көрсөтүлгөн клиниканын телефонуна чалып, кабарласа болот:

- Сиз «Росстрах-Кыргызстан» компаниясы тарабынан камсыздандырууга алынганыңызды айтып;

- фамилия, атыңыз, атаңыздын атын сиздин полистин жарактуу мөөнөтүн көрсөтүңүз;

- Сиз кайсыл жерде турасыз жана  сиздин телефон номериңизди таштасаңыз, анда Тейлөө кызматынын же клиниканын дарыгери токтоосуз сиз менен байланышат;

- Сизге кандай жардам керек экенин маалымдайсыз.

Камсыздандыруу полисинин мөөнөтү  1 күндөн баштап, 1 жылга чейин түзсө болот. 

Башка команиялардын камсыздандыруусу

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы