Ат-Башыда 950 миң долларга эт комбинаты курулат

22.03.2023, 12:30 Акчабар
Ат-Башыда 950 миң долларга эт комбинаты курулат

Ат-Башы районунда 950 миң долларлык жеке инвестицияга эт комбинаты курулуп, 80 жаңы жумушчу орун түзүлөт. Бул тууралуу Эмгек, социалдык коргоо жана миграция министри Кудайберген Базарбаевдин Нарынга жасаган сапарында белгилүү болду.  

Анын айтымында, Нарын облусунда бир катар социалдык-экономикалык долбоорлор ишке ашат.

“Нарын дарыясында Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана Куланак ГЭСин куруу пландаштырылууда. Ошондой эле айыл чарба продукцияларын сертификациялоо үчүн шарттарды түзүү үчүн атайын фитосанитардык лабораториялар жабдылат”, - деди министр.

Ошондой эле, ал Нарын облусунун Кытай менен чектеш аймагында жайгашканын эске алуу менен чек арага жакын жайгашкан калктуу конуштарды өнүктүрүү боюнча атайын программа иштелип чыгарын жана аз камсыз үй-бүлөлөрдү колдоонун алкагында өткөн жылдан тарта электр энергиясына болгон тарифтер төмөндөтүлүп, социалдык төлөмдөр көбөйтүлгөнүн белгиледи.

“Өткөн жылы Нарын облусуна ар кандай социалдык төлөмдөргө 1 млрд сомдон ашык каражат которулган. Мамлекет тарабынан аз камсыз болгон жарандар менен түзүлгөн социалдык келишимдин алкагында 2022-жылы Нарын облусунун 250 үй-бүлөсүнө чакан ишкана ачуу үчүн 100 миң сомдон жардам берилген. Быйыл 600 үй-бүлөгө жеке бизнесин ачууга жардам берүүнү пландап жатабыз”, - деди министр.

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу