1-июндан тарта «Коопсуз шаар» долбоору Ошто иштей баштайт

29.05.2024, 09:25 Акчабар
1-июндан тарта «Коопсуз шаар» долбоору Ошто иштей баштайт

1-июндан тарта "Коопсуз шаар" долбоору Ошто иштей баштайт. Жергиликтүү мэриядан билдиришкендей, учурда шаардагы 44 жерге көзөмөлдөөчү камера орнотулган.

Алдыда айдоочулар эң көп жол эрежесин бузган кесилиштерге үч буттуу камералар коюлат.

Белгиленгендей, азырынча бул долбоор пилоттук негизде иштейт. Тагыраагы, айдоочуларга айып пул салынбайт. Бирок ноябрь айынан тарта долбоор толук иштеп баштайт.

Кыргызстанда жол кыймылын көзөмөлдөө үчүн “Коопсуз шаар” долбоору 2019-жылы ишке кирген. Анын негизинде Бишкек, Ош сыяктуу ири шаарларга, Бишкек - Торугарт, Бишкек - Ош автожолдорунун боюна камералар коюлган.

Тэги: коопсуз шааар долбоор камера Ош Айып пул

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу