2022-жылдын 1-январынан тартып жөлөкпулдар 100%га көбөйдү. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров өзүнүн “Фейсбук” баракчасы аркылуу 2021-жылдын бюджетинин аткарылышынын алдын ала жыйынтыгын боюнча маалымдаган маалыматта айтылат.
Андагы маалыматка ылайык, ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарга жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарга берилүүчү жөлөкпул өткөн жылдын 1-октябрынан тартып 4000 сомдон 6000 сомго чейин көтөрүлгөн. 2022-жылдын 1-январынан тарта бул жөлөкпулдардын өлчөмү 8 миң сомду түзөт.
Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн башка бардык жөлөкпулдар боюнча көрүнүш ушундай эле. 2021-жылы алар жогорулоо жагына карай өзгөрдү.
ВИЧке же СПИДге чалдыккан энелерден төрөлгөн балдарга, майып балдарга жана кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 1-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:
Кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 2-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:
Ал эми кичинесинен ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген 3-топтогу майып адамдарга жөлөкпулдар:
Ата-энесинин бирөөсүнөн ажыраган балдарга ай сайын жөлөкпул:
Ошону менен катар тоголок жетим балдардын жана ата-энеси дайынсыз балдардын жөлөкпулдарын 50 жана 200 пайызга (3 эсе) көтөрүү каралган: