КР 1-сентябрга карата 100 миң жаран жумуш менен камсыз болду

15.09.2020, 12:00 Акчабар
КР 1-сентябрга карата 100 миң жаран жумуш менен камсыз болду

2020-жылдын 1-сентябрына карата иш менен камсыз кылуу кызматтар аркылуу 100,0 миң жаран жумуш менен камсыз болгон. Бул тууралуу КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлиги маалымдады. 

Эмгек жана ишке орноштуруу мыйзамдарынын маселелери боюнча, кесиптик окутуу жана кайра окутуу мүмкүнчүлүгү жөнүндө, кесип тандоо боюнча 50782 жаран консультация алган. Жумушсуздук боюнча 215 жумушсуз жаранга жөлөкпул төлөнүп берилген. 

Иш менен камсыз кылуу кызматынын көмөгү астында 8423 жумушсуз жаран ишке орноштурулган.

Эмгек рыногунун белгилүү-бир кесиптиктеги жумушчу күчүнө керектөөлөрүн эске алып, иш менен камсыз кылуу кызматтары тарабынан кесиптик окутууга 3714 адам жөнөтүлгөн.

Жумушсуз жарандарды окутуу негизинен эмгек рыногунда талап кылынган кесипке жүргүзүлгөн. Бул-газоэлектросварщик, чач тарач, компьютер оператору, 1С билими бар бухгалтер, ашпозчу, тигүүчү, офис-менеджер, электромонтажник, айдоочу.

Убактылуу ишке орноштуруу тартибинде коомдук акы төлөнүүчү жумуштарга 9643 адам жөнөтүлгөн.

Эмгек рыногунда активдүү чаралар менен (коомдук акы төлөнүүчү жумуштар, кесиптик окутуу)  13357 жумушсуз камтылган.

2020-жылдын 1-сентябрь айына карата бош орундардын саны 11993 бирдикти түзгөн. 2692 жумушчу орун суроо-талап кылынбай калган жана бир бош жумушчу орунга 37 адам талапкер болгон. 

Тэги: жаран жумуш кызматтар министрлик

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу