100 миң сомго чейин насыя алгандарга көмөктөшү үчүн Финансы министрлиги 286,1 млн. сом бөлдү

22.01.2021, 10:45 Акчабар
100 миң сомго чейин насыя алгандарга көмөктөшү үчүн Финансы министрлиги 286,1 млн. сом бөлдү

Финансы-кредиттик уюмдарынан кредит алган жана COVID-19 коронавирустук инфекция пандемиясынан улам келип чыккан эпидемиологиялык жана социалдык кырдаалга байланыштуу оор социалдык-экономикалык абалда калган карыз алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү максатында, өкмөттүн 2020-жылдын 13-ноябрындагы №552 «Кыргыз Республикасынын финансы-кредит мекемелеринен кредит алган карыз алуучуларга мамлекеттик колдоо көрсөтүү жөнүндө» токтому кабыл алынган.

 

 

100,0 миң сомдон ашык кредиттик каражаттарды алуучулар ишкердик  субъекттер болуп саналат. Өкмөт 2020-жылдын 9 июнундагы №315 токтомуна ылайык «Ишкердик субъектерди каржылоо» программасын ишке ашырууда. 

Бул программанын алкагында 2874 ишкердик субъектисине 3 452,6 миллион сом суммада жылдык 4% дан 11% га чейинки жеңилдетилген пайыздык чендер менен кредиттик каражаттар берилген.

100,0 миң сомго чейинки кредиттик каражаттарды алуучулар негизинен туруктуу кирешеси болбогон, же үй-бүлөлүк кирешеси эмгек акынын эсебинен түзүлгөн жарандар болуп саналат. 

Улуттук банк берген маалыматтарга ылайык республиканын 673 миңден ашуун жараны пайыздар боюнча төлөмдөрдөн бошотулат, бул максаттар үчүн болжол менен 1,253 миллиард сом талап кылынат. 

Эсептелген үстөктөрдү-пайыздарды субсидиялоо жөнүндө келишимдин шарттарына ылайык, Финансы министрлиги Улуттук банк тарабынан берилген карыз алуучулардын реестри менен кошо берилген ФКУ табыштамасынын негизинде республикалык бюджеттин каражаттарынан субсидиялардын суммаларын ФКУга которот, анын ичинде:

- Карыз алуучулар тарабынан алуучуга 2020-жылдын декабрында төлөнүүчү үстөк-пайыздар боюнча - 2021-жылдын 20-январына чейин;

- Карыз алуучулар тарабынан алуучуга 2021-жылдын январында төлөнүүчү үстөк-пайыздар боюнча - 2021-жылдын 15-февралына чейин;

- Карыз алуучулар тарабынан алуучуга 2021-жылдын февралында төлөнүүчү үстөк-пайыздар боюнча - 2021-жылдын 15-мартына чейин.

Улуттук банк тарабынан берилген 248 ФКУнун реестрлеринин негизинде Финансы министрлиги 2020-жылдын декабрь айынан бери чегерилген пайыздарды субсидиялоо жөнүндө Келишимдерди түзүү боюнча иштерди жүргүзүүдө. 2021-жылдын 18-январынан тартып, ФКУга 2020-жылдын декабрь айында карыз алуучулардын пайыздык төлөмдөрү боюнча субсидияларды которуу боюнча иштер башталган.

2021-жылдын 20-январына карата Финансы министрлиги 160 ФКУнун эсебине иш жүзүндө 286,1 млн. сом которгон.

Тэги: Улуттук банк млн сом насыя

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу