Эртең, 29-августта борбор калаанын тургундары үчүн Бишкекте Раззаков, Киев жана Токтогул көчөлөрүнүн кесилишинде айыл чарба жарманкеси уюштурулат. Бул тууралуу шаардык мэриядан билдиришти.
Жарманке саат 10:00дө башталат. Товарларды 127 ата мекендик өндүрүүчүлөр сунушташат.
Көргөзмөнү борбор калаанын мэриясы Кыргызстандын Айыл, суу чарба жана регионду өнүктүрүү министрлиги менен биргеликте уюштурууда.