144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү

18.09.2020, 17:00 Акчабар
144 медицина кызматкерине 200 миң сомдон компенсация төлөндү

Бүгүнкү күндө Саламаттык сактоо министрлиги тарабынан 144 саламаттык сактоо уюмдарынын кызматкерлерине 200 миң сомдон бир жолку акчалай компенсациялоо төлөндү. Мындан тышкары, каза болгон 21 медицина кызматкеринин үй-бүлөсүнө 1 млн сомдон акчалай компенсация төлөнүп берилди. Бул тууралуу Республикалык штаб маалымдады. 

 

 

«Саламаттык сактоо мекемелеринин жетекчилиги тармактык министрликтин медициналык кызматкерлерине тиешелүү компенсацияларды төлөп берүүдө ар кандай шылтоо менен тоскоолдук кылууда»,- деген билдирүү чындыкка дал келбейт.



Азыркы учурда ССМ тарабынан компенсациялык төлөмдөрдү жүргүзүү үчүн кошумча 100 млн сом бөлүп берүү боюнча буйруктун долбоору даярдалган. Документ макулдашууда жатат.



«ССМ Комиссиясы компенсация төлөмдөрү үчүн документтерди топтоону тыйган эмес, комиссия тарабынан медициналык кызматкердин так алардан жуктуруп алуу фактысын далилдөө боюнча бейтаптардан талап кылуу айтылган эмес, анткени, документтерди толтуруу саламаттык сактоо уюмдарынын жетекчилерине жүктөлгөн. Компенсацияларды төлөө сапатсыз таризделгендиктен жана саламаттык сактоо уюмдары тарабынан талап кылынган документтер толук берилбегендиктен кармалат. Бул учурда документтердин бөлүгү кайра иштеп чыгууга кайтарылат. Документтердин толук топтому комиссиялык чечим кабыл алынгандан кийин берилет», - деп белгиледи комиссиянын төрагасы Мадамин Каратаев.



Саламаттык сактоо министрлигине комиссиянын кароосуна 1 500гө жакын документ келип түштү, алардын ичинен 829 документ экспертизадан өттү, калган документтер жумушта.

Тэги: министрлик 200 миң сом акчалай компенсация төлөм

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу