Ош шаарында кыргыз-беларусь ири бизнес-форуму өтөт

14.09.2022, 10:08 Акчабар
Ош шаарында кыргыз-беларусь ири бизнес-форуму өтөт

Ош шаарында 15-16-сентябрда кыргыз-беларусьбизнес-форуму жана чет мамлекеттер менен көргөзмө-жарманке өтөт. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын басма сөз кызматы билдирди.

Ишкер чөйрөлөрдүн жолугушуусу Соода-экономикалык кызматташуу боюнча кыргыз-беларусь Өкмөттөр аралык комиссиясынын 10-жыйынынын алкагында өтөт жана 15-17-сентябрда боло турган “Түштүк Экспо-2022” Эл аралык универсалдуу көргөзмө-жарманкеге туш келет.

Иш-чарага Беларусь Республикасынын вице-премьер-министри Анатолий Сивак жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев, ошондой эле Соода-өнөр жай палатасынын улук вице-президенти Роман Касымов катышат.

15-сентябрда бизнес-форум расмий бөлүк менен ачылып, эки өлкөнүн компанияларынын баяндамалары жана презентациялары менен уланат. B2B жолугушуулары жана тематикалык сессиялар пландаштырылган.

“Соода-өнөр жай палатасы тарабынан салтка айланган “Түштүк ЭКСПО-2022” Эл аралык көргөзмө-жарманкеге келсек, анда соода-экономикалык байланыштардын чектерин кеңейтүүгө кызыгуу көрсөтүп жаткан жакынкы жана алыскы чет өлкөлөрдөн 40тан ашык алдыңкы компания катышат”, - деп айтылат билдирүүдө.

Бизнес кызматташтыктын жаңы мүмкүнчүлүктөрүн Кыргызстан, Россия, Беларусь, Өзбекстан, Кытай, Бириккен Араб Эмираттары, Индия жана Ирандан келген катышуучулар талкуулоо ниетинде. Ишканалар тамак-аш өнөр жайы, айыл чарба, курулуш, медицина ж.б. багыттарда иш алып барат.

Ошону менен бирге, 16-сентябрда Белоруссиядан келген делегация Ош облусунун өндүрүш ишканаларын кыдырууну пландоодо.

Тэги: бизнес форум новости Кыргызстана сельское хозяйство

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу