Кыргызстанда 15 чет элдик компания кошумча нарк салыгын төлөйт

22.09.2022, 11:24 Акчабар
Кыргызстанда 15 чет элдик компания кошумча нарк салыгын төлөйт

Кыргызстанда кызматтарды электрондук түрдө ишке ашырган 15 чет элдик компания республиканын бюджетине кошумча нарк салыгы боюнча төлөөчү катары катталган. Бул тууралуу Салык кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Белгилеп кетсек, КНСтин деңгээли аткарылган кызматтардын көлөмүнүн 12% түзөт.

Салык кызматынан электрондук каттоодон Нидерландыда катталган төрт, Америка Кошмо Штаттары, Улуу Британия, Россиянын эки жана Ирландия, Бириккен Араб Эмираттары, Армения, Казакстан жана Кипрде жайгашкан бирден компания өтүштү.

“Учурда кызматтын функционалы электрондук кызмат көрсөтүүчү чет өлкөлүк уюмга КНС салыгын төлөөчү катары салыктык каттоодон өтүүгө, идентификациялык салык номерин алууга жана салык төлөөчүнүн жеке кабинетине кирүү мүмкүнчүлүгүн берет”, - деп белгилейт Мамлекеттик салык кызматы.

"Google салыгы" чет өлкөлүк уюмдарга электрондук формада кызмат көрсөтүүлөрдү берген домен аталышын же IP дарегин колдонбостон, Кыргыз Республикасынын аймагы таанылгандыгын билдирет.

"Google салыгы" жеткирүү жери Кыргызстандын аймагы деп таанылган, Кыргыз Республикасында катталган домендик аталышты же IP даректи колдонбостон электрондук түрдө кызмат көрсөткөн чет өлкөлүк уюмдарга тиешелүү.

Тэги: новости Кыргызстана глава ГНС налог на Google

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу