163.3 млн сомду кыргызстандыктар банкрот болгон банктарда сакташууда

24.05.2019, 17:05 Акчабар
163.3 млн сомду кыргызстандыктар банкрот болгон банктарда сакташууда

 «Азия Универсал Банк»,  «Ысык-Көл» менен «Манас Банкы» жоюлуу алдында турат. Бирок, дал ушул банктардын эсебинде элдин аманатка салган 163.3 млн сому турат. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетине финансы мекемелери берген отчетто белгилүү болду.  

«Көп жылдан бери үч банк жоюлуп кетүү алдында турат. Аларга берген отчеттко таянсак, алар аманат салган кыргызстандыктарга   163 млн 300 миң сомду кайрып беришкен эмес», —деп комментарий берди  «Акчабарга» Улуттук статистика комитетинен. 

Жогорудагы үч банк 292 аманатчынын алдындагы милдеттерин аткарбай, алардын сактоого берген каражаттарын кайтарган эмес. Ар бир аманачынын банка салган орточо суммасы  558 миң 446 сомду түзөт. 

Айтмакчы, аманаттарды коргоо агентигинин маалыматына таянсак, банкрот болгон банктар акча салган адамдарга 200 миң сомун мамлекеттик кепилдиктен улам, пайызы менен кайтарып бериши керек. 

 2019-жылдын 1-январына карата  жеке адамдардын банктагы депозиттери 75 млрд 476.5 млн сомго жеткен.

Тэги: банки ликвидация финансы депозиты

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу