“Бишкеккурулуш” ААКсы 2022-жылга карата акционерлерге дивиденддерди төлөп жатканын жарыялады. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасынан билдиришти.
Алсак, 1 миң 226 акционерге 4 миллион 586,5 миң сом бөлүнгөн.
“Алардын ичинен 163 баалуу кагаз ээлери 3 млн 768,1 миң сом алышкан. 81 834 баалуу кагаздын калган ээлери келбегендигине байланыштуу каражат алышкан жок”, - деп билдирди КФБ.