18 жылда Казакстандын тышкы карызы 12,5 эсе көбөйгөн

30.01.2020, 11:30 Акчабар
18 жылда Казакстандын тышкы карызы 12,5 эсе көбөйгөн

18 жылда Казакстандын тышкы карызы дээрлик 12,5 эсе көбөйгөн. Бул тууралуу Казакстандын телеграф агенттиги жазат.

Агенттик жазгандай, 2001-жылы карыз 12 млрд 634 млн 600 миң доллар болсо, 2019-жылдын 1-октябрына карата 157 млрд 750 млн долларды түзгөн.

Казакстандын Улуттук банкынын сайтында айтылгандай, 2006-2007-жылдар арасында тышкы карыздын дээрлик 30 млрд 600 млн долларга артканы байкалган: 43 млрд 428 млн 500 миң доллардан 74 млрд 14 млн 100 миңге чейин көбөйгөн. Ага чейин 2001-2006-жыл аралыгында карыздын өсүшү анча ылдам болгон эмес.

2018-жылдын 1-январына карата тышкы карыз 167 млрд 217 млн 900 миң долларды түзүп, жогорку чегине жеткен. 2019-жылдын 1-январына карата ал 8 млрд 441 млн 500 миң долларга азайып, 158 млрд 776 млн 400 миң долларды түзгөн. Андан кийин ал 2019-жылдын апрель айына карата 1 млрд 278 млн 400 миң долларга азайган.

Тэги: экономика Тышкы карыз Казакстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу