Былтыр мыйзамсыз жарнактардан 1,8 млн сом айып пул түшкөн

22.02.2023, 10:24 Акчабар
Былтыр мыйзамсыз жарнактардан 1,8 млн сом айып пул түшкөн

Былтыр кыргызстандык ишкерлер эң көп жалган жарнактар, мамлекеттик тилде жарнактын жоктугу, жарнакты ишке ашырууда жашы жете электерди коргоо жана “Жарнак жөнүндө” мыйзамдын башка бир катар нормаларын бузган.

Административдик айыптардын жалпы суммасы 1 млн 855 миң сомду түздү.

Белгилей кетсек, монополияга каршы жөнгө салуу кызматы жалпысынан 260 мониторинг жүргүзгөн.

“Былтыр 79 арыз түшкөн. Аларды текшерүүнүн жыйынтыгында жалпысынан 155 эскертүү берилген. Анын ичинен 129у эскертүүнүн негизинде иштеген. 26сы учурда өз ишин оңдоодо. Айып салуу боюнча 99 токтом чыгарылган. Анын 66сы аткарылган, 33ү аткарылууда”, - деп билдирди Монополияга каршы күрөшүү кызматы.

Ошондой эле, өткөн жылы жалпысынан көзөмөлдүк иш-чараларды ишке ашыруудан бюджет 188,7 млн ​​сомго толукталган. Бул 2021-жылга салыштырмалуу 2,8%га көп. 2021-жылы 183,7 миллион сом, 2020-жылы 157,8 миллион сом чогултулган.

 

Тэги: новости Кыргызстана антимонополия закон о рекламе

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу