2,3 миң гектардан ашык жерди сугат менен камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк банктан 57 миллион сом бөлүнгөн

20.08.2020, 15:30 Акчабар
2,3 миң гектардан ашык жерди сугат менен камсыз кылуу үчүн Дүйнөлүк банктан 57 миллион сом бөлүнгөн

Сооронбай Жээнбековдун Нарын облусуна болгон иш сапарынын алкагында, Ат-Башы районунун эң алыскы жеринде жайгашкан Казыбек айыл өкмөтүндөгү ирригациялык каналдарды оңдоо иштери менен таанышты. 

 

Маалыматка ылайык,  Баш-Келтебек жана Кытат каналдарындагы суунун көлөмү 1,5 куб метрди түзөт жана бул көлөм 2,3 миң гектардан ашык жерди толук сугарууга күчү жетпейт. Бул үчүн атайын Дүйнөлүк банктан 57 миллион сом бөлүнгөн. Учурда тийиштүү иштер жүргүзүлүп жатат. 

Президент менен баарлашууда жергиликтүү тургундар таза суу, бала бакча, ички жолдордун абалы тууралуу көйгөйлөр, орто мектептердин директорлорун ротациялоо зарылдыгы маселелерин айтышты. Ошондой эле алар үч райондун жашоочулары колдонгон жана мал жайыты үчүн пайдаланылган Ак-Сай өрөөнүндөгү көпүрөнүн авариялык абалына да токтолушту.

Президент  айтылган маселелердин бардыгы текшерилип чыгарын билдирди.

 

Тэги: Сооронбай Жээнбеков Нарын облусу иш сапар Ат-Башы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу