Эки айда мамкарызды төлөө үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

25.03.2021, 11:30 Акчабар
Эки айда мамкарызды төлөө үчүн 5 млрд сомдон ашык каражат бөлүндү

2021-жылы январь-февраль айлары үчүн мамлекеттик карызды төлөөгө (тышкы + ички) Кыргызстандын республикалык бюджетинен 5 млрд 457,8 млн сом каражат жумшалды.

 

Экономика жана финансы министрлиги билдиргендей, анын ичинен:

  • Мамлекеттик тышкы карызга – 3 млрд 049,4 млн сом;
  • Мамлекеттик ички карызга – 2 млрд 408,4 млн сом багытталды.

2021-жылы 31-январга карата мамлекеттик карыздын көлөмү (ички + тышкы) 4 млрд 954,11 млн АКШ долларын (420 108,67 млн сом) түздү.

Анын ичинен:

  • 85,2%ы мамлекеттик тышкы карыз: 4 221,61 млн АКШ доллары (357 992,44 млн сом);
  • 14,8%ы мамлекеттик ички карыз: 732,50 млн АКШ доллары (62 116,23 млн сом).

Тэги: Тышкы карыз Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу