«Бай-Түшүм» банкы жеткинчектер үчүн «20 жылдан кийин мен кандай адам болом?» аттуу сынак жарыялайт

26.05.2020, 15:30 Акчабар
«Бай-Түшүм» банкы жеткинчектер үчүн «20 жылдан кийин мен кандай адам болом?» аттуу сынак жарыялайт

«20 жылдан кийин мен кандай адам болом?» «Бай-Түшүм» банкы жеткинчектер үчүн сынак жарыялайт.

 

 

Өз бактысын бардык адамдар сынап көрсө болот. Сынакка 16 жашка чейинки жеткинечектер катыша  алышат. Бул тууралуу «Акчабарга» банктан маалымдашты.

Сынактын эң активдүү жана креативдүү делген катышуучулары Бай-Түшүм банкынан баалуу белектер менен таттууларга ээ болот. Бул балдарды коргоо күнүнө карата атайын уюштурулган. Сынактын жыйынтыктары июнь айынын башындла белгилүү болот. Жеңүүчүлөрдү банктын калыстары аныкташат.

Уюштуруучулар катышуучуларды бирдей формат менен чектебей, эркин коюуну чечишкен. Эң башкы тапшырма – «Мен 20 жылдан кийин кандай адам болом?», - деген суроого жооп берүү.

 «Бул сүрөт, видео же дагы башка формат болушу мүмкүн. Жасалган жумуштар кыргыз жана орус тилинде кабыл алынат. Биз үчүн катышуучулардын теманы ачып берүүсү маанилүү. Быйыл «Бай-Түшүм» банкы иш алып барып жатканына 20 жыл толот. Сынакка баа берүүнүн негизги критерийлерине креативдүүлүк, оригиналдуулук жана темага болгон айкалыш саналат. Конкурстун жыйынтыгында 10 мыкты жумушту тандап алабыз. Жеңүүчүлөр пауэрбанк жана таттууларга ээ болушат»,- деп билдиришти «Бай-Түшүм» банкынан.

Тэги: Бай Түшүм банк сынак

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу