2018 - жылы 19,5 миң тонна кен экспорттолгон, ал эми 2019 - жылы 20 миң 423 тонна кен үчүнчү өлкөлөргө ташылып кеткен. Бул тууралуу Мамлекеттик бажы кызматынын өкүлү Замирбек Карашев ЖК жыйынында билдирди.
Бажы кодексине ылайык, экспорттон 0,25% бажы салымдары алынат.
Муну менен катар, 2018 - жылы экспорттон түшкөн бажы салымдары 3 млн 800 миң сомду, 2019 - жылы 4 млн 722 миң сомду түзгөн.
Жалпы казылган кендин 71% Кытай Эл Республикасына экспорттолот. Бул болжол менен 14 тонна 300 кг.