2021-жылдын башында 142 млн $ инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

25.11.2020, 17:10 Акчабар
2021-жылдын башында 142 млн $ инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда

2021-жылдан тарта 142 млн долларга ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашыруу пландалууда. Эгер алар ийгиликтүү ишке ашса 2 миң 380 жаңы жумушчу орундар түзүлөт. Бул тууралуу премьер-министрдин милдетин аткаруучу Артем Новиков дагы Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Бул долбоорлордун ичине — Талас облусундагы алтын казуучу ишкананы дагы кирет.

«Алтын Альянс компаниясы өз ишин ушул жылы баштоону пландаган. Бирок, шайлоодон кийинки башаламандыктан улам пландарды жыйыштырып, ишти 2021 – жылга жылдырышты. Ишкана толугу менен ишке киргенде 1 миң жаңы жумушчу орун түзүлөт», — деп белгиледи Артем Новиков.

Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду тарабынан 100 млн долларга каржыланган дагы бир долбоор жакында ишин баштайт.

Аны менен катар Артем Новиков азыркы учурда жергиликтүү бизнестин ири өкүлдөрү менен ички жана тышкы инвестицияны тартуу боюнча активдүү иштер жүрүп жатканын билдирди.

 

 

Тэги: Артем Новиков жумушчу орун Жогорку Кеңеш Талас облусу Алтын Альянс

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу