2021-жылдын аягына чейин Антикризистик фонд 40 млрд сом тартат

30.10.2020, 09:37 Акчабар
2021-жылдын аягына чейин Антикризистик фонд 40 млрд сом тартат

Ишкерлерге жеңилдетилген насыя берүү үчүн түзүлгөн Антикризистик фонд 2021-жылдын аягына чейин 40 миллиард сом тартат. Бул тууралуу Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитетинин башчысы Жыргалбек Сагынбаевдин сүйлөгөн сөзүндө белгилүү болду, деп билдирди комитеттин басма сөз кызматы.

Баштапкы этапта ишкерлерге насыя берүү үчүн фонд 14 миллиард сом каралганын маалымдаган.

Мындан тышкары, Өкмөттүн 2020-жылга карата иш-чаралар планын ишке ашыруунун алкагында "Ишкердик субъекттерин каржылоо" программасы бекитилген.

Эске салсак, өнөктөш банктар аркылуу жеңилдетилген насыялар тоо-кен тармагын кошпогондо, өндүрүш ишканаларына, анын ичинде жеңил өнөр жай тармагына берилет. 10-октябрга карата Финансы министрлиги бул программаны ишке ашырууга болжол менен 2,5 миллиард сом бөлдү.

Тэги: Антикризистик фонд, ишкер, ВВП,

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу