2022-жыл Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы достук жылы деп жарыяланат

22.09.2021, 15:50 Акчабар
2022-жыл Кыргызстан менен Сауд Аравиясынын ортосундагы достук жылы деп жарыяланат

Министрлер кабинети 2022-жылды Кыргыз Республикасы жана Сауд Аравия Королчулугу элдеринин ортосундагы достук жылы катары жарыялоону сунуштады. Бул тууралуу минкаб төрагасы Улукбек Марипов Кыргызстандагы Сауд Аравия Королчулугунун элчиси Ибрахим Аль Ради менен жолукканда маалым болду.

Марипов белгилегендей, республика Сауд Аравия Королчулугу менен келечекте ырааттуу кызматташтыкты өнүктүрүүгө артыкчылыктуу маани берет, ошондой эле президент Жапаровдун аталган өлкөгө расмий сапарына карата даярдыктар тууралуу маалымат берди.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык тармактардагы эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү маселесин талкуулады.

Тэги: Саудовская Аравия

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу