«2030-жылга чейин парник газдарын бөлүп чыгаруу 44% кыскарат» — Жапаров

20.02.2023, 17:20 Акчабар
«2030-жылга чейин парник газдарын бөлүп чыгаруу 44% кыскарат» — Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун (GGGI) башкы директору Франк Рейсберман менен жолугушту. Бул тууралуу тийиштүү мекемеден билдиришти. 

Жолугушууда эки тараптуу кызматташуунун артыкчылыктуу багыттары, анын ичинде жашыл экономиканы өнүктүрүү жана айлана-чөйрөнү коргоо боюнча келечектүү долбоорлорду ишке ашыруу талкууланды. 

“Биздин өлкө 2030-жылга карата парник газдарын бөлүп чыгарууну 44% кыскартууну максат кылууда. 2050-жылга чейин жашыл өнүгүү платформасында биз көмүртектин нейтралдуулугуна жетишүүгө аракет кылабыз. Локомотив катары энергиянын кайра жаралуучу булактары, биринчи кезекте гидроэнергетика болот”, - деди Акылбек Жапаров.

Ал эми Глобалдык жашыл өнүгүү институтунун башкы директору Франк Рейсберман пайдалуу долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендигин билдирип, апрель айында Кыргызстанда “GGGI” филиалын ачуу пландалып жатканын белгиледи. 

 

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу