Баткен облусуна 256,8 тонна гуманитардык жүк жеткирилди

03.05.2021, 09:01 Акчабар
Баткен облусуна 256,8 тонна гуманитардык жүк жеткирилди

Кыргыз-Тажик чек арасындагы жаңжалдан жабыркаган баткендиктерге гуманитардык жардам чогултуу улантылууда. Учурда кампага 279 миң 881 тонна гумжардам келип түшкөн. Бул тамак-аш, жеке гигиена, кийим-кече, шейшептер, деп айтылат Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин маалыматында.

Анын ичинен 256,881 тонна гуманитардык жардам жабыр тарткан жарандарга жеткирилген. Калган 30 тоннасы кампада сакталып, керек болсо жеткирилип, Баткен облусунун жарандарына бөлүштүрүлөт.

“Бардык гуманитардык жардамдар муктаж болгон жарандарга максатына ылайык так жеткирилиши керек. Өлкөдө бир дагы адам четте калган жок. Баткен облусунун жарандары үчүн ушундай оор мезгилде эл бирикти ”, - деди өкмөт башчы Улукбек Марипов өлкөнүн аймактарынан келген гуманитардык жардам чогултулуп жаткан ӨКМдин Баткен облусундагы кампасына барганда.

Тэги: гумпомощь Баткенская область конфликт на границе пострадавшие граждане

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу