3 ай ичинде «Түндүк» системасы аркылуу 14.3 млн транзакция жүргүзүлгөн

06.04.2020, 12:30 Акчабар
3 ай ичинде «Түндүк» системасы аркылуу 14.3 млн транзакция жүргүзүлгөн

«Түндүк» системасы аркылуу маалымат алмашуунун көлөмү 2020-жылдын 1-январынан 25-мартына чейин  мамлекеттик органдар тарабынан 14.3 млн ал эми эл аралык коммерциялык уюмдар тарабынан 10.8 млн түзгөн. Бул тууралуу КР маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитети билдирди. 

2020-жылдын биринчи кварталындагы которулган транзакциялардын көлөмү бир жыл ичинде жүргүзүлө туруучу транзакция менен барабар болгон. 

«Мамлекеттик органдар жана коммерциялык уюмдар тарабынан маалымат алмашуу бюрократияны азайтууга, басып чыгаруу жана кагаз түрүндөгү документтердин чыгашасын азайтууга, ошону менен бирге эле өз ара аракеттенүү процессин тездетүүнү шарттайт. Андан сырткары карантин учурунда бардык шарттарды аткарууга жана системалардын аралыктан иштешин камсыз кылат», — деп жазылат маалыматта. 

 

 

 

 

Тэги: транзакция

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу