Кыргызстанда глобалдуу акча жумалыгы башталды

18.03.2024, 11:22 Акчабар
Кыргызстанда глобалдуу акча жумалыгы башталды

Ушул жылдын 18-мартынан 24-мартына чейин "Акчаңды корго, келечегиңди камсыз кыл" деген ураан алдында өлкөнүн бардык аймактарында Дүйнөлүк акча жумалыгы өткөрүлөт. Анын жүрүшүндө Улуттук банк, мамлекеттик органдар, коомдук жана эл аралык уюмдар, коммерциялык банктар жана микрофинансы уюмдары мектептерде финансылык сабаттуулук боюнча сабактарды, университеттерде лекцияларды жана тренингдерди өткөрүшөт. 

Мындан тышкары, #GMWKyrgyzstan2024 хэштеги менен социалдык тармактарда жарыяланган экскурсияларды, коммерциялык банктарда ачык эшик күндөрүн, балдардын сүрөт сынактарын, видеороликтерди, ошондой эле ар кандай иш-чараларды өткөрүү пландаштырылууда.

Global Money Week – бул балдардын жана жаштардын финансылык сабаттуулугун жогорулатуу максатында дүйнөнүн 100дөн ашуун өлкөсүндө жыл сайын өткөрүлүүчү масштабдуу кампания.

Тэги: Экономика КР Новости Кыргызстан

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу