“Баткен облусун жеңилдетилген каржылоо”долбоорунун алкагында 395 ишкер субъектиге 290,08 млн сомго насыя берилди. Бул тууралуу Каржы министрлигинен билдиришти.
Долбоордун максаты - Баткен облусун мындан ары өнүктүрүүнү камсыз кылуу, жеткиликтүү жана жеңилдетилген насыяларды берүү аркылуу ишкердик субъекттерине жана жеке жактарга мамлекеттик колдоо көрсөтүү.
Долбоордун алкагында кредиттик каражаттарды алуунун шарттары боюнча кененирээк маалымат алуу үчүн потенциалдуу насыя алуучулар Баткен облусунда жайгашкан “Айыл Банк” ААК, “РСК Банк” ААК жана “Керемет Банк” ААК коммерциялык банктарынын филиалдарына жана өкүлчүлүктөрүнө кайрылса болот.