«Кыргызстан улуттук электр тармактары» уставдык капиталын көбөйтөт

05.07.2022, 15:29 Акчабар
«Кыргызстан улуттук электр тармактары» уставдык капиталын көбөйтөт

"Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААК 27-июлда акционерлеринин кезексиз жалпы чогулушун өткөрөт. Негизги маселе энергия менен камсыздоочу төрт уюмдун актысын бекитүү болот.

Өз кезегинде "Түндүк электр" ААК, "Чыгыш электр", "Ошэлектр" жана "Жалалабатэлектро" ААКсынын акционерлери "Кыргызстан улуттук электр тармактарынын" баалуу кагаздарын алышат. Бул максатта акционердик коом жүгүртүүдөгү жөнөкөй акциялардын санын көбөйтөт. Акциялардын кошумча эмиссиясынын эсебинен коомдун уставдык капиталы да көбөйөт.

Акционерлер "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ишканасынын директорлор кеңешинин мүчөлөрүнүн ыйгарым укуктарын мөөнөтүнөн мурда токтотуу, башкармалыктын жаңы курамын шайлоо, ошондой эле акционердик коомдун дирекциясын өзгөртүү жөнүндө чечим кабыл алат.

Тэги: НЭС Кыргызстана реорганизация

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу