Улуттук банк төрт аймакты оффшордук аймактардын тизмесинен чыгарууну көздөөдө

08.09.2022, 13:30 Акчабар
Улуттук банк төрт аймакты оффшордук аймактардын тизмесинен чыгарууну көздөөдө

Жеңилдетилген салык режимин камсыз кылган жана маалыматты толук ачып бербеген мамлекеттердин жана аймактардын учурдагы тизмесинен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкы Доминикан Республикасын, Коста-Риканы, Черногорияны жана Нидерланд Антиль аралдарын чыгарууну сунуштайт. Бул тууралуу Улуттук банктын талкууга койгон документинде белгилүү болду.

Маалым болгондой, Улуттук банктын токтом долбоору террористтик ишти каржылоого жана кылмыштуу кирешелерди легалдаштырууга (адалдоого) байланышкан операцияларды алдын алуу максатында даярдалган.

Ошентип, Доминикан Республикасы жана Коста-Рика инвесторлордун каражат булактарын изилдөөнүн алкагында керектүү маалыматтарды ачыкка чыгаргандыктан, өлкөлөр тизмеден чыгарылат.

Ошол эле учурда Кюрасао аралын оффшордук аймактардын тизмесине кошуу сунушталууда.

Мындан тышкары, инвесторлордун өтүнүчү боюнча Бонэйр аралын изилдөө үчүн кылдат мониторинг жүргүзүлөт.

"Үч кичинекей аралдардын тобу (Синт-Мартен, Синт-Эстатиус жана Саба) дагы оффшордук зонанын тизмесине кирбейт жана мониторингге алынат, мындан тышкары, бул кичинекей аралдар эл аралык рейтингдерде көрүнбөйт. Камбоджа жана Мьянмага карата да инвесторлор кайрылганда күчөтүлгөн мониторинг жүргүзүлөт", - деп айтылат документте.

Тэги: Нацбанк офшорные зоны

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу