Кыргызстандын Евразия экономикалык биримдигине мүчө мамлекеттер менен болгон өз ара соодасынын жалпы көлөмү – 43,2 %, анын ичинде экспорт – 35,4 %, импорт – 47,1 % түзгөн. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети билдирди.
Үчүнчү өлкөлөр менен болгон тышкы соодасы – 56,8 %, анын ичинде экспорт – 64,6 %, импорт – 52,9 %түзгөн.
ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен өз ара сооданын көлөмү 2020-жылдын январь-февралында, алдын-ала маалыматтар боюнча, 402,7 млн. АКШ долларын түзгөн жана 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 9,5 % жогорулаган.
ЕАЭБке мүчө мамлекеттер менен экспорттук жөнөтүүлөр 110,0 млн. АКШ долларын түзүп, 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 13,8 пайызга жогорулаган.
Импорттук келип түшүүлөр 2019-жылдын январь-февралына салыштырмалуу 8,0 пайызга көбөйүп, 292,7 млн. АКШ долларын түзгөн.
ЕАЭБнын мүчө мамлекеттеринен республиканын өз ара соодасынын эң чоң үлүшү Россияга (70,5 пайыз) жана Казакстанга (27,5 пайыз) туура келди.
трлн долларов США
Объем торгов на фондовых биржах ЕАЭС