«ФинансКредитБанктын» акциялар пакети 10,9 млн сомго сатылды

21.12.2021, 12:20 Акчабар
«ФинансКредитБанктын» акциялар пакети 10,9 млн сомго сатылды

Кечээ, 20-декабрда Кыргыз фондулук биржасынын системасында экинчилик рынокто “ФинансКредитБанктын” акциялары боюнча ири келишим катталды. Бул тууралуу биржанын сайтында жарыяланды.

Дүйшөмбү күнкү сооданын жыйынтыгы боюнча “ФинансКредитБанк” ААКнын 27 млн 247 миң 281 акциясы сатылды. Келишимдин жалпы суммасы 10 млн 898,9 миң сомду түздү. Баалуу кагаздардын бул саны каржы институту чыгарган акциялардын жалпы көлөмүнүн 5%га жакынын түзөт.

Эске салсак, 14-декабрда банктын алгачкы баалуу кагаздары сатыкка чыккан. Анда акционер ал үчүн 30,6 млн сомдон ашык каражат сураган (бир нускасына 1,125 сомдо) бул номиналдуудан 12,5%га жогору. Бирок бул суммага үлүштү сатып алууну каалагандар болгон жок жана баалуу кагаздардын ээлери анын наркын адегенде бир акция үчүн 0,844 сомго чейин, андан кийин 0,634 жана 0,5 сомго, акыры-аягында бир акцияны 0,4 сомго чейин сатышты.

Муну менен бир жумага жетпеген убакытта пакеттин баасы 64,4%га төмөндөгөн.

Тэги: ФинансКредитБанк акции фондовый рынок

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу