«ФинансКредитБанктын» акциялар пакетин номиналдык баадан 36% төмөн сатып алса болот

16.12.2021, 15:13 Акчабар
«ФинансКредитБанктын» акциялар пакетин номиналдык баадан 36% төмөн сатып алса болот

FinanceCreditBank акциялары баасын жоготууда. Банктын баалуу кагаздар пакети үчүн 34 миллион сом сураган акционер кайрадан баасын төмөндөттү. Мындай корутундуларды Кыргыз фондулук биржасынын котировкаларында жайгаштырылган маалыматтардын негизинде чыгарууга болот.

Эске салсак, 14-декабрдан тарта "ФинансКредитБанктын" акциялары сатыкка чыккан. Акционер банктын баалуу кагаздарындагы дээрлик 5% үлүштү түзгөн 27 миллион 251 миң 281 акцияны сатыкка койду. Ар бир нускасына 1,125 сом сураган. Ошентип, сунуш 30,6 миллион сомго бааланган.

Бирок, эртеси акциянын бир бөлүгүн 0,844 сомго, башкача айтканда, алгач талап кылынган суммадан 24,9% төмөн сатуу боюнча келишим түзүлгөн. Ошентип, акция пакети бир сутка ичинде 11 миллион сомго арзандады.

Бейшемби күнү, 16-декабрда, котировкалар жаңылангандан кийин, баалуу кагаздардын ээси бир акциянын баасын 0,634 сомго чейин төмөндөттү. Натыйжада бүгүнкү күндө “ФинансКредитБанктын” 5% акциясын 17,3 миллион сомго сатып алууга болот.

 

Тэги: акции фондовый рынок Кыргызстан банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу