MBANK тиркемесинин "ЛИМОН УТУП АЛ” акциясынын аркасында 500 миң жаңы колдонуучу катталды

26.01.2022, 17:21 Өнөктөштүк макаласы
MBANK тиркемесинин "ЛИМОН УТУП АЛ” акциясынын аркасында 500 миң жаңы колдонуучу катталды

МBANK Кыргызстанда банктык тиркемелерди жүктөө боюнча лидер болду. "Кыргызстан коммерциялык банкынын" MBANK тиркемеси «Лимон утуп ал» акциясынын аркасында Кыргызстандагы эң популярдуу боло алды.

Акция 2021-жылдын ноябрында старт алып, аталган банктын мобилдик тиркемесин 500 000 жаңы колдонуучу көчүрдү. Бул заматта эле MBANK тиркемесин жүктөө боюнча лидерлердин бирине айлантты. Салыштыруу иретинде айтсак, бүгүнкү күндө башка ата мекендик банктардын 12 тиркемесине караганда "Кыргызстан коммерциялык банкынын" мобилдик банкингин көбүрөөк колдонуучулар көчүрүшкөн.

MBANK колдонуучулар үчүн эмнеси менен кызыктуу? Ооба, бардык функциялары менен, тиркемеде ыңгайлуу жана популярдуу банк кызматтары көп. MBANK тиркемеси менен акча которуулардагы көйгөйлөрдү унутта калтырат. Тиркеме бир эле кадам аркылуу жакындарыңызга акча которууга мүмкүндүк берет. Каражат которуу Кыргызстандын аймагында гана эмес, Орусияда дагы жеткиликтүү.

"Кыргызстан коммерциялык банкы" кызматташуунун кеңири географиясынын жана Орусиядагы эң ири "Сбербанк" менен тыгыз кызматташат. Анын аркасында Орусиядан Кыргызстанга да телефон номер аркылуу акча которуу оңой. Ошондой эле орусиялык банктардын Visa, MasterCard, MIR карталарынан толуктоо жүргүзүүгө мүмкүн. Орусияда канча кыргызстандык иштеп жатканын эске алганда бул абдан популярдуу кызмат экенин билүүгө болот.

Бирок жогоруда аталган кызматтар MBANK тиркемесин окшош колдонмолордон айырмалап турган жалгыз нерсе эмес. Биздин тиркеме колдонуучуга өз каражатын көзөмөлдөөгө мүмкүнчүлүк берет. Мисалы, сиз ага бир нече эсептериңизди дароо туташтыра аласыз жана насыяларды төлөй аласыз, депозиттерди ачып жана толуктай аласыз, айыптарды төлөй аласыз, транзакциялар үчүн дүмүрчөктөрдү жана эсептин көчүрмөсүн күнү-түнү каалаган убакта талап кыла аласыз. Ошол эле учурда сиз көп баскычтуу коргоо тутумунун аркасында аманатыңыздын коопсуздугу жөнүндө тынчсызданбай эле койсоңуз болот.

Жаңы жана дайымкы колдонуучулар 2021-жылдын декабрь айынын аягында "Кыргызстан коммерциялык банкы" тарабынан жарыяланган MBANK'тын масштабдуу жаңыланышына ыраазы болушту. Ребрендингдин алкагында тиркеменин дизайны толугу менен өзгөртүлүп, анын функционалдуулугу кыйла кеңейтилген. Ошентип сервистин колдонуучулары эми сертификатка түздөн-түз ага буйрутма бере алышат, SMS эскертүүсүн, онлайн төлөмдөрдү туташтыра алышат. Ошондой эле чыгымдарды талдап, эсептерди жаба алышат, үч айлык эсеп көчүрмөсүн алып, дароо жүктөй алышат. Иштеп чыгуучулар ошондой эле тиркемеде акча талап кылуу мүмкүнчүлүгүн жакшыртышты - эми сиз дароо колдонуучулардын тобуна суроо жөнөтө аласыз.

Ошондой эле сервистин башкы бетинде "Кыргызстан коммерциялык банкынын" акыркы жаңылыктары жана акциялары чагылдырылган. Тиркемеде дагы кызыктуу кызматтар бар: такси чакыруудан баштап үйгө тамак, дарыканалардан зарыл каражаттарды алдыртууга буюртма берүүгө чейин.

Көрүнүп тургандай, тиркеменин көптөгөн артыкчылыктары бар. Бирок колдонуучулардын агымы "Кыргызстан коммерциялык банктын" "ЛИМОН УТУП АЛ" акциясын баштаганда болгон. Уюлдук телефонуна MBANK`ты орноткон ар бир колдонуучу сервистин ыңгайлуу интерфейсин баалап, анын бардык артыкчылыктарынан пайдаланып гана тим болбостон татыктуу сумманы да таба алат. Бул үчүн активдүү болуу гана талап кылынат. Тактап айтканда, досторуңузду жана тааныштарыңызды тартуу үчүн социалдык тармактардагы жана мессенжерлердеги баракчаңыз аркылуу шилтемени бөлүшүү гана жетиштүү.

Ар бир жаңы кошулган колдонуучу үчүн банк сиздин балансыңызга 50 сом, тиркемеге элди тартуу менен күндүн акырына чейин эң көп киреше тапкандарга дагы 5 000 сом, аптанын аягына чейин 50 000 сом берген.

Мындай сунуш муну менен бүтпөйт, банк акциянын аягында тиркеменин эң активдүү колдонуучусуна 1 миллион сом берет. Айтмакчы, акция 31-январга чейин күчүндө, демек, сизде дагы баш байге үчүн ат салышууга мүмкүнчүлүк бар.

Тэги: Банк КЫРГЫЗСТАН MBank мобильное приложение СОРВИ ЛИМОН

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу