Жаңы пландалган 12 оорукананын жетөөсү толук бүтүп, пайдаланууга бериле баштайт. Бул тууралуу премьер-министр Кубатбек Боронов өкмөт үйүндө өткөн брифингде билдирди.
«Жаңы пландалган 12 оорукананын жетөөсү толук бүттү, медициналык жабдуулар, аппаратар менен жабдылып, жакында ишке бериле баштайт», - деп билдирди премьер-министр.