Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди

06.09.2021, 11:40 Акчабар
Парламенттик шайлоого катышуу ниетин 75 партия билдирди

Парламенттик шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүү боюнча календарлык планга ылайык, шайлоого катышуу каалоосун билдирген саясий партиялардын билдирүүлөрдү тапшыруу этабы аяктады. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясы билдирди.

Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясына 75 саясий партиядан билдирүү келип түшкөн. Саясий партиялардан депутаттыкка талапкерлердин тизмеси 2021-жылдын 13-октябрында маалым болот.

Белгилей кетсек, парламенттик шайлоо 2021-жылдын 28-ноябрына белгиленген. Партиялардын толук тизмеси менен БШКнын сайтынан таанышууга болот.

Тэги: ЦИК выборы

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу