Өлкөдө сегиз мал союучу жай гана эл аралык стандарттарга жооп берет

16.12.2022, 12:51 Акчабар
Өлкөдө сегиз мал союучу жай гана эл аралык стандарттарга жооп берет

Кыргызстанда эт азыктарынын курамында антибиотиктер жана башка зыяндуу заттарды текшере турган эл аралык деңгээлдеги эки лаборатория бар. Бул тууралуу Ветеринардык кызматтын директорунун орун басары Чыңгыз Шейшенбаев маалымат жыйынында билдирди. 

Чыңгыз Шейшенбаев жарандарды мал союучу жайлардагы мыйзам бузууларды билдирүүгө чакырды.

Аталган кызматтын маалыматы боюнча, өлкөдө 93 мал союучу цех бар. Текшерүүнүн жыйынтыгы боюнча 25 мал союучу жай мыйзам бузгандыгы аныкталган. Талапка ылайык, алар бир айдын ичинде аныкталган мыйзам бузууларын жоюшу зарыл. 

“Көпчүлүк цехтер ветеринардык-санитардык эреже бузуулардан, лицензиянын жоктугунан жана тиешелүү талаптарга жооп бербегендиктен жабылган. Эч кандай документи жок эттин курамында антибиотиктер болгон фактылар да бар”, - дейт Ветеринардык кызматтын өкүлү Тилек Табалдиев.

Ошол эле учурда, кызматтын маалыматы боюнча 8 мал союучу жай эл аралык стандарттарга жооп берет. Эт азыктары Кувейт, Бириккен Араб Эмираттары жана Орусияга экспорттолот.

 

Тэги: новости Кыргызстана скотобойни кр ветеренарная служба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу