800 миң сомдук товарды аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

07.09.2020, 16:00 Акчабар
800 миң сомдук товарды аткезчилик жол менен өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды

Мамлекеттик чек ара кызматынын Чүй облусу боюнча башкармалыгынын чек арачылары тарабынан аткезчилик жолу менен жүк өткөрүүгө аракет кылгандар кармалды. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынын коомчулук жана ЖМК менен байланыш түзүү бөлүмү билдирет.

Маалыматка ылайык, чек арачылар тарабынан Чүй облусуна караштуу Кемин районундагы Кара-Булак айылынан алыс эмес жайдагы мамлекеттик чек ара тилкесинде Казакстан тарапка бара жаткан Toyota автоунаасы токтотулган.

Унааны текшерүү маалында акциздик маркасы жок чылымдар табылган.

 

«Текшерүүнүн жүрүшүндө аткезчилик жүк Казакстанга бара жаткандыгы аныкталды. Жүктүн жалпы суммасы 800 миң сомду түздү», - деп айтылат маалыматта.

 

Тиешелүү документтер чогултулган соң кармалган жарандар жана жүк Финполдун кызматкерлерине өткөрүлүп берилген.

Тэги: Мамлекеттик чек ара кызматы Чүй облусу документ

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу