Жыл башынан бери 9 миң тоннадан ашык картошка экспорттолду

08.04.2020, 11:00 Акчабар
Жыл башынан бери 9 миң тоннадан ашык картошка экспорттолду

2020-жылдын башынан бери 9 136,46 тонна картошка экспорттолду. Бул тууралуу айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлиги билдирди.

Негизинен импортер-өлкөлөр – бул коңшу мамлекеттер. Эң чоң көлөмдө картошка Өзбекстанга сатылган. Дээрлик 6,5 миң тонна экспортолгон. Андан кийин Түркмөнстан – 2 миң тоннага жакын. Мындан тышкары Кыргызстандын картошкасы Россияга, Казакстанга, Беларусияга жана Украинага экспорттолот.  

Учурда  9 миң тонна картошка айыл чарба, тамак аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигине караштуу  Өсүмдүктөрдүн карантини департаменти тарабынан берилген фитосанитардык сертификаттын негизинде экспорттолуп жатат. 

Учурда республика боюнча 47 миң тоннадан көбүрөөк картошка калды. Анын басымдуу бөлүгү ата мекендик рынокко сатыкка чыгарылат. Бүгүнкү күндө 1 кг картошканын орточо баасы 25 сом. Картошканын калган бөлүгү айдоо иштерине пайдаланылат.  Товарды экспорттоо маселесине токтолсок, дүйнөдө коронавирус инфекциясына байланыштуу түзүлгөн кырдаалда көпчүлүк импортерлор транспорт менен Кыргыз Республикасынын аймагына өтө албай жатышат.

Тэги: картошка экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу