«Мюнхен» аэропорту «Манасты» жаңылоого даяр

17.06.2019, 13:45 Акчабар
«Мюнхен» аэропорту «Манасты» жаңылоого даяр

«Манас» эл аралык аэропорту жаңыртылат.Бул тууралуу  премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев «Мюнхен»  эл аралык аэропортунун башкаруучу директору Ральф Гаффал баштаган делегациясы менен жолугушту.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасынын аэропорттук инфратүзүмдөрүн жана аба ташууларын өнүктүрүү тармагында кызматташуу маселелери талкууланды.

Өкмөт башчынын айтымында, республиканын транспорттук логистикасын кеңейтүү жана жүргүнчүлөрдү ташуу көлөмүн көбөйтүү боюнча максаттарга жетүү, ошондой эле учуулардын коопсуздугун камсыздоо авиация тармагын өнүктүрүү жаатындагы артыкчылыктуу иш багыттары болуп саналат.

Ошону менен бирге туризмди өнүктүрүү жана өлкө аймагы аркылуу учуулардын географиясын кеңейтүү максатында Кыргыз Республикасы бир жактуу тартипте бардык каалоочу авиакомпанияларга «Бешинчи даражадагы аба эркиндиги» укугун берди.

Мухаммедкалый Абылгазиев белгилегендей, бүгүнкү күнү Өкмөт эл аралык финансы институттары менен биргеликте «Манас» Эл аралык аэропорту» ачык акционердик коомунун аэропортторун өнүктүрүү жана модернизациялоо боюнча мамлекеттик-жеке өнөктөштүк долбоорун ишке киргизүү боюнча активдүү иштерди жүргүзүүдө.

Башкаруучу директор Ральф Гаффал баса көрсөткөндөй, «Мюнхен» эл аралык аэропорту «Манас» аэропортунун инфратүзүмүн өнүктүрүү боюнча долбоорду биргелешип ишке ашырууга, аны менен катар Кыргыз Республикасынын эл аралык мейкиндиктеги оң имиджин илгерилетүүгө кызыкдар.

Анын айтымында, «Манас» аэропортунун географиялык жайгашуу жана инфратүзүмдүк артыкчылыктарынын аркасында биздин өлкөнүн туризм жана ишкерликти өнүктүрүү потенциалы чоң.

Жолугушуунун жүрүшүндө «Манас» Эл аралык аэропорту» ААК жана «Мюнхен» эл аралык аэропортунун ортосунда аэропортту Борбор Азиядагы кубаттуу аба транспорттук түйүнүнө айлантуу максатында сүйлөшүүлөрдү активдештирүү жана кызматташуунун оптималдуу багыттарын табуу тууралуу макулдашылды.

Маалымдама: «Мюнхен» эл аралык аэропорту Германиядагы жүргүнчүлөрдү тейлөө саны боюнча Франкфурт-на-Майне аэропортунан кийинки экинчи жана аэропорттун жүктөмү боюнча Европадагы жетинчи аба майданы болуп саналат.

2018-жылы аэропорт 46,3 млн жүргүнчүнү тейлеген. Аэропорт дүйнөдөгү эң көп сандагы – 264 багытка каттайт жана «Lufthansa» немец улуттук компаниясы үчүн негиз болуп саналат.

 

 

Тэги: Ральф Гаффал Мухаммедкалый Абылгазиев Манас аэропорт Германия сотрудничество

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу