Айыл чарба министрлиги: 2021-жылы беденин үрөнүн Россиядан экспорттоо пландалууда

28.12.2019, 09:10 Акчабар
Айыл чарба министрлиги: 2021-жылы беденин үрөнүн Россиядан экспорттоо пландалууда

2021-жылы беденин үрөнүн Россиянын Омск, Челябинск жана Свердлов облустарынан экспорттоо пландалууда. Бул тууралуу «Кабар»агенттигинде өткөн маалымат жыйында Айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министрлигинин алдындагы Айдоо жерлерин өнүктүрүү, үрөн өстүрүү жана органикалык айыл чарба өндүрүш бөлүмүнүн жетекчиси Жигитали Жумалиев билдирди.

Анын айтымында, Советтер союзу мезгилинде Кыргызстанда өндүрүлгөн беде үрөнү Россия, Белоруссия жана Прибалтика өлкөлөрүндө чоң суроо талапка ээ болгон.

«Беде үрөнүн өндүрүүнү жандандырып жөнгө салышыбыз зарыл. Мындан сырткары, биздин селекция-окумуштууларыбыз тарабынан жаңы беденин сорттору чыгарылып жатат. Мисалы беденин "Бектур" сорту Б. Тентиевага таандык», - дейт Жумалиев.

Жумалиев кошумчалагандай, эл аралык үрөн рыногунда орун табуу үчүн Кыргызстан үрөн өндүрүүнү этап-этабы менен жогорулатышы керек.

Тэги: айыл чарба беде министрлик экспорт

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу