Филиппиндин Президенти пара талап кылган чиновникти атып салууга уруксат берди

13.09.2019, 15:55 Акчабар
Филиппиндин Президенти пара талап кылган чиновникти атып салууга уруксат берди

Филиппиндин Президенти Родриго Дутерте, пара талап кылган чиновниктин бутун  атып салууга уруксат берди. Бул тууралуу Manila Bulletin гезити жазып чыкты. 

 “Эгер сиз салык ж.б. мамлекетттин бюджетине жыйналган акчанын барын төлөп жатсаңыз, сизден пара талап кылганды уруп салыңыз же болбосо атууга уруксат берем. Бирок, өлтүрбөгүлө!”, - деп билдирет Дутерте. 

Дутертенин айтымында, чиновникти аткан адам бир гана дене-бойго залака келтирди деген  мыйзамга жооп берет. Түрмөгө отурбайт. 

Президенттин айтымына караганда, коррупция өлкөдөгү чоң маселелердин бири болуп бара атат. 

Президент бардык жарандарды  өздөрүнүн уккутарын коргоого чакырды. Эгерде кандайдыр бир коррупциялык иштерге туш болсо, бул тууралуу ачык айтуусун өтүндү. “Эгер бул маалымат мага жетсе, ал чиновникти алып келип, арыз жазган жаранды чиновниктин бетине чабуусуна уруксат берем”, -  деп билдирди. 

Родриго Дутерте 2016 – жылдын май айында президент болуп шайланган. Ал коррупционерлерге каршы дайыма катуу чараларды колдонуп келет. Дүйнөлүк коомчулук буга чейин бир нече жолу Филиппиндин баңги сатуу жолун талкуулап келишкен. ООНдун эксперттери, буга чейин Филиппин бийлигине кылмышкердин күнөөсү толук такталмайынча, оор жазаны өткөрбөй турууну сунушташкан. 

 

Тэги: Филиппин коррупция Пара Акчабар

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу