Путиндин мактоосу «Яндекстин» акциясын көтөрдү

21.06.2019, 11:00 Акчабар
Путиндин мактоосу  «Яндекстин»  акциясын көтөрдү

 «Яндекстин» котеровкасы компаниянын башкы директору  Елена Бунина Россиянын президенти Владимир Путинге түз эфирдеги байланышка чыккандан кийин кескин көтөрүлдү. Бул тууралуу  «Ведомости» билдирип чыкты. 

Бунина Путинге «Яндекстин» пилотсуз кызматтарын киргизүүнүн өтө жай жүрүп жатканына нааразычылыгын айтып, тестик режимде сыноо болгонун кошумчалаган.

«Мунун баары жакшы даярдык менен киризилиши керек», – деп билдирди президент 

Ошондой эле, Владимир Путин  «Яндекс»  Google менен татыктуу атаандашып жатканын белгилеп, «мамлекеттик колдоо жок эле» ийгиликке жетип жатканын белгилеген. Ал  «Яндекс» менен сыймыктанарын айткан соң, анын акциялары  өсүп баштаган. 

 Бунина менен Путиндин сүйлөшүүсүнөн кийин – «Яндекстин»  акциясы  Москванын биржасында 2 миң 499 сомго бир акциясы сатылып, ал эми 18:03 Бишкек убактысы боюнча масималдуу рекорддук чекке жетишкен. Анда бир эле кагаз – 2  миң 532 рубльга сатылган. Бул  акциянын юаасын 1.3%  жогорулатканын «Ведомости» билдирди.

Москва биржасындагы айлантуунун көлөмү 2 эсе көп болуп, ошол эле маалда «Яндекстин» америкадагы NASDAQ  биржасындагы котировкасында бир акция  $40 бааланды.

Айтмакчы, акциянын жогорулоосу көпко кармалдай, Москва биржасынын жабылуусуна карата  «Яндекса» арзандап  2 миң  492.8 рублга сатылып калган.Ал эми америкада NASDAQ  $39.7 долларга бир акция бааланган. 

Тэги: акции Яндекс Владимир Путин Московская биржа

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу