2018-жылдагы финансалык жыйынтык боюнча «Аламүдүн ПМК» ишканасы чыгашалуу болуп 626.6миң сом жоготкон. Бул тууралуу Кыргыз фондулук биржасы билдирет (КФБ).
«Жыл жыйынтыгы боюнча финансалык-чарбалык чыгаша болгондуктан, акционерлерге дивидент берилбейт », —деп билдирди КФБ
Мындан тышкары, 30-апрелде «Аламүдүн ПМК» ААК акционерлердин жылдык жыйыны болуп, анда былтыркы жылга аудит жасоо чечими кабыл алынды. Текшерүүнү «ОБ-Тендик-Аудит» жасамакчы.