Ысык-Көл жолун оңдоп түзөө үчүн Арабия 128 млн $ бөлөт

10.12.2019, 17:43 Акчабар
Ысык-Көл жолун оңдоп түзөө үчүн Арабия 128 млн $ бөлөт

Бүгүн, 10-декабрда Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Кыргыз Республикасы менен Араб координациялык тобунун  ортосундагы Ысык-Көл айланма жолунун Корумду айылынан Балбай Баатыр айылына чейинки бөлүгүн (104-184,5 км) реконструкциялоого насыя берүү жөнүндө Макулдашуу долбоору жактырылды. Бул тууралуу ЖК басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык,  жыйында Транспорт жана жолдор министринин орун басары Бакыт Бердалиев, насыянын жалпы суммасы 128 млн АКШ доллар түзөөрүн билдирген. Депутаттар Өкмөттү насыянын пайыздык коюмун төмөндөтүү маселесин караштырууга чакырышкан.

Депутат Улукбек Ормонов азырынча Макулдашуу ратификациялоого эмес, жактырууга гана киргизилип жатканда, Араб фондусу насыялоонун шарттарын кыргыз тарапка алгылыктуу болгондой кылуусу үчүн сүйлөшүү процесстерин кайра жаӊыртууга болоорун белгиледи.

Министрдин орун басары Б.Бердалиев бул этапта Сауд өнүктүрүү фондусу 1% менен бөлүп берип жаткан 30 млн долларды гана жактыруу жөнүндө маселе болуп жатканын, ал эми координациялык топтун калган мүчөлөрү менен сүйлөшүүлөр улантылаарын айтты.

Депутат Алтынбек Жунус уулу маселе 2.5% же 1%да эместигин, маселе салына жолдун негизделбей эле кымбат кура тургандыгында болуп жатканына токтолду. «Долбоордогу малыматтар боюнча 80 км жолду 128 млн долларга, башкача айтканда, 1 км жолду 1,5 млн долларга куруу пландаштырылып жатыптыр. Мында көпүрөлөр жана башка курулмалар эске алынган эмес»,- дейт А.Жунус уулу. Эл өкүлү жалпы жонунан жол тармагын башкаруу системасын, анын ичинде Транспорт министрлиги жүргүзгөн саясатты реформалоо зарылдыгын баса белгиледи. «Бүгүн-эртеӊ президент Бириккен Араб эмираттарына учканы жатса, силер тезинен жактырып бергиле деп жатасыӊар. Ошол эле маалда өзүӊөрдүн көз карашыӊарды кармап, өлкөнүн кызыкчылыгын коргобой жатасыӊар. Мындай салкын кандуулук кылуу жол берилбеши керек»,- дейт депутат.

Эске сала кетсек,  Араб координациялык тобунун курамына Сауд өнүктүрүү фонду, Араб экономикалык өнүктүрүүнүн Кувейт фонду, Абу-Даби өнүктүрүү фонду, Эл аралык өнүктүрүү фонду жана Ислам өнүктүрүү банкы кирет.

Тэги: Арабия Ысык-Көл жол автожол каражат

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу