Артыкбаевдин туугандары 100 млн сомду кайдан алышканын Башкы прокуратура текшереби?

28.11.2019, 17:30 Акчабар
Артыкбаевдин туугандары 100 млн сомду кайдан алышканын Башкы прокуратура текшереби?

Башкы прокуратура Бишкек ЖЭБин модернизациялоо боюнча кылмыш ишинин фигуранттарынын бири депутат Осмонбек Артыкбаевдин үй-бүлөсү берген акча кайсы негизде коррупцияга каршы эсепке которулганы боюнча түшүндүрмө бериши керек. Мындай пикирин Vesti.kg сайтына белгилүү адвокат Кайрат Загибаев билдирди.

- Артыкбаевдин туугандары берген 100 миллион чыгымдардын ордун толтуруубу же күнөөнү моюнга алуу жөнүндө келишимби, түшүнүксүз - деди ал. - Кандай болгон күндө да башкы көзөмөл органы бул которуунү түшүндүрүүгө милдеттүү. Эгерде сөз чыгымдардын ордун толтуруу жөнүндө болсо, анда бул деңизлеги бир тамчыдай болуп калат. Ал эми, эгерде депутат жеңилирээк жаза алуу үчүн күнөөсүн мойнуна алганы жаткан болсо, анда ЖЭБди модернизациялоодон акча чын эле алышкан боло, алгандардын баарын салып бериши керек.

Загибаев Башкы прокуратура которулган сумманын 30 пайызын алат, каражаттарды эсепке которууга шашылышканынын себеби ушунда болушу мүмкүн дейт.

- Мамлекет экономиканын өнүгүшүнөн бюджетти анча деле толтура албай жатат, коррупционерлерден жок дегенде ушинтип акча алып турат да - деп кейиди ал. - Артыкбаевдин туугандары бул 100 млн долларды кайдан алды деп эмнеге эч ким текшерген жок? Дегеле, Акаевдин маалынан бери соттордогу абал эч өзгөргөн жок, судьяларга мурдагыдай эле жогору жактагылар көрсөтмө берет.

Тактай кетсек, депутат Осмонбек Артыкбаевдин туугандары коррупцияга каршы эсепке 100 млн сом которушкан. Артыкбаевдин жактоочусу Рабиса Садыкова журналисттерге берген түшүндүрмөсүндө депутаттын жакындары акча которуу фактысын айыптоочу тарап сотто көңүлгө алат деп ишенишерин билдирген.
 

Тэги: 100 млн сом Башкы прокуратура Артыкбаев

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу