Бирмингемде дүйнөдөгү эң мыкты 10 химик-инженерлерге (IChemE) инженерлер Институту атайын сыйлык тапшырды.
Жогорку сыйлыкка ээ болгондордун арасында кыргызстандык Асел Сартбаева бар. Ал Британиянын Бата университетинин профессору. Асел Сартбаевга Хансон сыйлыгы «Вакциналар: куралсыз согуштун аягы?» илимий макаласы үчүн берилди.
Материалда вакцинаны сактоо, ташуу жолдору жазылып, анда дарынын касиетин жоготпой муздак абалда ташуунун жолу жазылып, вакцинаны ташуудагы альтерантива катары сунушталган.
Президент IChemE Кен Риверс Аглиядагы Бирмингемде Эл аралык конференц- борбордо сыйлыкты жеңүүчүлөргө тапшырды.
«Сиздердин мыкты изилдөөлөр, химиядагы жетишкендиктерди алдыга жылдыруу менен заманга жараша өнүктүрүүгө кошкон салымдарыңар, ошондой эле келерки өсүп келе жаткан инженер-химиктерге үлгү жасаганыңыздар IChemE өзгөчө сыйлыгына татыктуусуздар жана бул кесипке ынтызаарлык менен жасаган эмгеңиздер үчүн ыраазычылык билдирем», — деп билдирди ал.