Атамекендик айыл-чарба азыктарынын экспорту жогорулады

29.10.2019, 16:00 Акчабар
Атамекендик айыл-чарба азыктарынын экспорту жогорулады

Үстүбүздөгү жылы атамекендик айыл чарба азыктарынын экспорту өстү. Бул тууралуу«Кабар»агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтуусу боюнча, үстүбүздөгү жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен атамекендик азык-түлүктүн экспорту төрт позиция боюнча өскөн: сүттү, этти, балык жана балды экспорттоо. Былтыркы жылдын көрсөткүчтөрүнө салыштырмалуу сүттү экспорту 5 миң 200 тоннага, балык жана эт 1 миң тоннага, ал эми бал 38 тоннага өскөн.

«Биз бул ветеринардык кызматтын жыйынтыктары деп эсептейбиз. Ар бир сертификат атайын электрондук түрдө жазылып чыгат. Бир да азык кайра артка кайтарылган эмес», - дейт Жумаканов.

Ошондой эле ал билдиргендей, бир дагы трансчекаралык оору катталган эмес.

«Биздин эки лабораториябыз бар. Алар улуттук макамга ээ жана бардык эл аралык талаптарга жооп берет», - деп кошумчалады ал.

Тэги: атамекендик товар экспорт айыл-чарба

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу