«Айыл Банк» 1-июнь балдардын күнү менен куттуктады

31.05.2019, 17:30 Акчабар
«Айыл Банк» 1-июнь балдардын күнү менен куттуктады

1-июнь балдардын Эл араылк күнүнө карата иш-чаралар уюштурулууда. Ар бир балага мээрим, камкордук тартуулоо максатында  «Айыл Банк»  ААК жыл сайын кайрымдуулук акцияларын уюштуруп келет. Быйыл дагы республиканын баардык аймактарында балдарды кутутктап чыгышты. 

 «Айыл Банктын»  Москва районундагы бөлүмү  Ак-Суу балдар үйүно барышты. Балдар майрамдык концерт даярдашкан.  Учурда 2 жаштан 7 жашка чейинки 82  бала бул жерде жашашат.Алардын 30 мүмкүнүлүгү чектелген балдар. 

 «Айыл Банктын Борбору»  Беловодск психоневрология үй-интернатына дагы жардам берди. Бул интернатта ар кандай дарттарга кабылган, айрыкча борбордук нерв системасынан шал болгон балдар жашашат. 

Кербендеги банктын  филиалы Күлүк-Дөбө №7 «Алтын Балалык»  менен№3 «Бүчүр» балдар бакчаларында болушту. Кичинекей балдардан тартып баардык тарбиялануучулар белектерге ээ болушту. 

Ноокендеги Айыл банктын филиалы  Ж. Ниязов атындагы интернатка жардам кылып, мүмкүнчүлүгү чектелген балдарга жакшы маанай тартуулашты.

Биз Кыргызстандын ар бир аймагына китеп жетишпей жатканын жакшы билебиз. Кара-Суу филиалы, балдар күнүно карата балдар бакчалары менен мектептерге китепттерди белекке берди. 

Биз баарыбыз, жаш курагыбызга карабай кереметке ишенебиз, күтөбүз. А балдар күн  сайын кереметке ээ болушу керек. 

Жогоруда көрсөтүлгөн кайрымдуулук акциялардын баардыгы «Айыл Банк» ААК  коом алдындагы корпоративдүү-социалдык жоопкерчиликтүү (КСО) болуу программасынын алкагында жасалган иш-чараларынын бири.

Тэги: День защиты детей Айыл Банк

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу