Бишкек мэринин милдетин аткаруу Бактыбек Кудайбергеновго жүктөлдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.
«Борбордун статусу жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамынын 24-беренесиниин 4-бөлүгүнө ылайык, Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын жаңы мэри шайланганга чейин Кудайбергенов Бактыбек Жапарович Кыргыз Республикасынын Бишкек шаарынын мэринин милдетин аткаруучу болуп дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Аталган чечимге премьер-министр Улукбек Марипов кол койгон.