Пекиндеги ЭКСПО-2019 Кытайга Кыргыз товарларын таанымал кылал деди-Канайым Бактыгулова

29.04.2019, 09:57 Акчабар
Пекиндеги ЭКСПО-2019 Кытайга Кыргыз товарларын таанымал кылал деди-Канайым Бактыгулова

Кыргызстандын Кытайдагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова: Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт

«Пекиндеги ЭКСПО-2019 аянтчасы Кыргызстандын продукцияларын сырткы рынокко, анын ичинде Кытай базарына чыгарууга жана таанытууга өбөлгө түзөт», - деп маалымдады Кыргыз Республикасынын Кытай Эл Республикасындагы Атайын жана Толук ыйгарым укуктуу элчиси Канайым Бактыгулова.

Ал Кыргызстан биринчилерден болуп КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин «Бир алкак – бир жол» демилгесин колдоого алганын эске салды.

Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков тарабынан бардык биргелешкен инфраструктуралык долбоорлорду, анын ичинде транспорттук жана санариптик инфраструктураны ишке ашыруу кадамдарын жасоо боюнча так милдеттер коюлду.

«КЭР Төрагасы Си Цзиньпиндин чакыруусу менен Президент Сооронбай Жээнбеков 37 мамлекет башчысынын курамында «Бир алкак – бир жол» эл аралык кызматташтык боюнча Экинчи форумунун алкагында сөз сүйлөп, бир катар демилгелерди жана сунуштарды берди. Бүгүн, 28-апрелде, Президент Сооронбай Жээнбеков «Жашыл жашоо - мыкты жашоо» темасындагы «Экспо-2019дун» ачылыш аземине катышат.

«Эл аралык бак өстүрүү-2019 көргөзмөсүнүн» ачылыш аземине катышуунун алкагында Сооронбай Жээнбеков ошондой эле Кыргызстандын улуттук павильону менен таанышат. Анда биздин өлкөнүн экологиялык таза, органикалык азык-түлүктөрү жана улуттук жасалгалары коюлат. «Экспо-2019» бүгүн, 28-апрелде Пекин шаарында өзүнүн ишин баштайт жана 2019-жылдын октябрында жыйынтыкталат.

Ага 70 өлкө жана 20 эл аралык уюмдардын катышуусу күтүлүүдө. Уюштуруучулардын маалыматы боюнча, көргөзмөнү 16 млн адам көрөт.

 

Тэги: ЭКСПО-2019 Китай Кыргызстан экспорт органика экономика

Еженедельные дайджесты Акчабар

Каждую неделю мы будем готовить для вас обзор наиболее важных и интересных событий

Акчабар iPhone үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтардын картасы
Жабуу

Акчабар Android үчүн

  • Курсы валют в Бишкеке
  • Жаңылыктар жана аналитика
  • Банкоматтар менен кассалардын картасы
Жабуу